• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Арзыбек Кожошев «Айчүрөк» соода борборуна пландан тышкаркы текшерүү менен барды

Өкмөт 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Бишкек шаарындагы «Айчүрөк» соода жана оюн-зоок комплексине пландан тышкаркы текшерүү менен барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү максаты - «Айчүрөк» соода жана оюн-зоок комплексинде иштеген соода түйүндөрүндөгү контролдук-кассалык машиналардын (ККМ) пайдаланылышы боюнча абалды изилдөө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым сатуучулардын ККМ тууралуу түшүнүгү жок экендиги, айрымдары орнотууга ниеттенбей жаткандыгы белгилүү болду.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, пенсия, дарыгерлер менен мугалимдердин маянасы, ар кандай социалдык төлөмдөр өңдүү мамлекеттин социалдык милдеттенмелеринин өз убагында төлөнүшү да контролдук-кассалык машиналардын ишке киришинен көз каранды.

«Бул жерде соода түйүнүн ижарага алуу 30 миң сомдон башталат. Бул каражаттын баары соода борборлорунун ээлерине кетет, бирок биздин максат үй-бүлөсүн өз эмгеги менен баккан сатуучулар эмес. Биз ири соода түйүндөрүнүн салык төлөшүн каалайбыз. ККМ болбосо бул жерде, же башка соода борборлорунда канча соода түйүндөрү иш жүргүзүп жаткандыгын биле албайбыз. Бул өтө маанилүү»,- деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Ал КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жеке ишкерлер арасында контролдук-кассалык машиналарга өтүү зарылчылыгы тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча ишин катуу сынга алып, бул багыттагы иштерди күчөтүүнү тапшырды жана салык кызматы тарабынан мындай шалаакылыкка жол берилбеши тийиштигин билдирди.

«Ар бир сатуучуга контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүүнүн жана колдонуунун маанисин түшүндүрүү зарыл. Салык төлөө ар бир жарандын милдети», - деди министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

Ал ошондой эле өлкөнүн бардык жарандарына кайрылды.

«Кассалык чектерди талап кылгыла, бул сиздердин укугуңуздар. Бизге сиздердин колдооңуздар керек. Эгерде чек бербеген жерден соода-сатык кылуудан баш тартсак, биз жалпы товар жүгүртүүнү эсепке алууга жетише алабыз. Мунун бардыгы сиздердин бакубаттыгыңыздар үчүн, өлкө келечеги үчүн жасалууда. Борбордун так ортосунда мындай нерсе орун алып жатса, чет-жакалар жөнүндө эмнени айтууга болот. Бул ишке катышкан ыйгарым укуктуу органдардын жана алардын кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо зарыл, аларга жок дегенде сөгүш берүү керек. Кийинки жолу ээлеген кызматына дал келбегендиги жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы себептүү кызматтан бошотобуз», - деп жыйынтыктады Арзыбек Кожошев жана салык кызматына борбордогу бардык ири соода борборлорун текшерүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий