• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Арзыбек Кожошев ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев ЕККУ Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Арзыбек Кожошев ЕККУ менен кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн жана министрлер кабинетинин Кыргызстандагы маанилүү долбоолорду ишке ашырууда натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө даярдыгын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий