• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кожошев экономисттерди жана финансисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев көзөмөлдөгөн министрликтер жана ведомстволордо болуп, аларды кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, экономисттердин жана финансисттердин күч-аракетине жараша коронавирус инфекциясы пандемиясынан кийинки өлкөдөгү экономикалык абалды түзөөгө мүмкүн болду.

«Республиканын эгемен тарыхында алгач ирет социалдык жөлөкпулдардын жана бюджеттик тармактагы кызматкерлердин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу, айыл чарба тармагын колдоо, ошондой эле өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү. Бул аракеттердин бардыгы сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр аркылуу ишке ашырылды», - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Андан соң Арзыбек Кожошев министрлер кабинетинин атынан экономикалык блоктун министрликтеринин жана ведомстволорунун өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине алкыш каттарын жана Ардак грамоталарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий