• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кожошев менен Мясникович Евразия экономикалык форумун уюштуруу маселесин талкуулашты

ЕАЭБ 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович эртең Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форумдун уюштуруу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары форумду уюштуруу акыркы баскычта экенин белгиледи. «Биринчи Евразиялык экономикалык форумга 2500дөн ашык адам катталды, аны 2022-жылдагы эң ири иш-чаралардын бири деп атоого болот. Биз конокторду тосуп алууга даярбыз. Форумда 35 иш-чара, анын ичинде 21 тематикалык сессия болот. ЕАЭБдин агроөнөр жайынын мыкты продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулуп, форумдун өз жыйынтыгында 10 документке кол коюу пландалууда», - деп белгиледи Арзыбек Кожошев

Өз кезегинде Михаил Мясникович форум жогорку уюштуруучулук деңгээлде өтөрүнө ишенимин билдирип, алдыдагы иш-чара бизнес чөйрөлөрү үчүн кеңири масштабдагы маселелердин жаңы чечимдерин табууга эң сонун мүмкүнчүлүк экенин кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде стратегиялык багыттардагы кызматташууга тиешелүү жагдайлар да талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий