• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Арзыбек Кожошев Россиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко мене жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулады.

Атап айтканда, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана энергетикалык тармакта өз ара аракеттенүү тууралуу кеп жүрдү.

«Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар. Өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы катары анын ишин активдештирүүгө жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин чечүү зарылдыгын жана эпидемиологиялык абалды эске алуу менен өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги кеңешмесин өткөрүүгө даярмын», - деди Арзыбек Кожошев.

Тараптар аркылуу илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттешүүнү кеңейтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы билим берүү уюмдарын куруу маселесине басым жасалды.

Пикир

Оставить комментарий