• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Арзыбек Кожошев жана Кытай элчиси Ду Дэвэнь эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын жана өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Атап айтканда, тараптар кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрмө пункттарында жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү, кытайлык инвесторлордун өнөр жай ишканаларын калыбына келтирүү жана жандандыруу, ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулады.

Арзыбек Кожошев жана элчи Ду Дэвэнь бири-бирин келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий