• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмеси Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унаасын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинде Бишкектеги Ыкчам медицина борборуна расмий түрдө тез жардам унаасын тапшыруу аземи өттү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн жана Бишкек шаарындагы Ыкчам медицина борборунун директору Искендер Шаяхметовдун катышуусунда өттү.

Fiat Ducato үлгүсүндөгү тез жардам унаасы керектүү медициналык жабдуулар менен толук жабдылган.

Реанимобилдин жабдылышы:

-ИВЛ

-кычкылтек баллону 2х10 л;

-кычкылтекти жөнгө салгыч;

-кычкылтектин сарпталышын өлчөгүч;

-Соргуч түтүк;

-Негизги замбил

-айкалыштырылган замбил;

-айланма бүктөлүүчү отургуч;

-бекитилген бүктөлүүчү отургуч;

-механикалык желдеткич;

-термометр;

-баштапкы жардам сумкасы;

-стетоскоп;

-Пульсоксиметр ж.б.

Саламаттык сактоо министри өз сөзүндө «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин жетекчилигине саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, тез жардам унаасы түрүндөгү бул жардам жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берерин белгиледи.

«Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин кайрымдуулук ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири – саламаттык сактоо тармагы. Бул багытта бүгүнкү күнгө чейин бирикме өлкөнүн алыскы жана жакынкы аймактарында бир топ иштерди аткарды:

- Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмдөрүнүн 5 кабаттуу имараты, жалпы аянты 4600 чарчы метр.

-4 төрөт үйү;

-35 ФАП (Фельдшердик-акушердик пункттар);

-15 ҮДТ (үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу);

-Токмок шаарынын психоневрологиялык социалдык ооруканасында майыптар үчүн 50 жана 80 орундуу үч стационардык корпус ж.б.

Пикир

Оставить комментарий