• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Ас Салам" фонду өкмөткө 560 даана кычкылтек концентраторун өткөрүп берди

Коом 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. "Ас Салам" кайрымдуулук фонду өкмөткө 560 даана кычкылтек концентраторун өткөрүп берди. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен Нурмухаммед Миңбаев жетектеген "Ас Салам" фонду Кыргызстанга кычкылтек концентраторун алып келди.

"Кычкылтек концентраторлору толугу менен өкмөткө өткөрүлүп берилди. Аларды өкмөт облустардагы жана аймактардагы ооруканаларга жеткирет. Учурдан пайдаланып "Ас Салам" коомдук фонду КРнын Кувейттеги элчилигине ар тараптан көмөк көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий