• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Асакеев Сталбек Амантурович жөнүндө - некролог

Коом 0

Бишкек, 18.08.17 /Кабар/. 2017-жылдын 17-августунда 64 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Асакеев Сталбек Амантурович бул дүйнө менен кош айтышты.

Сталбек Асакеев 1953-жылдын 11-июнунда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

С.Асакеев 1971-жылы Киров авиациялык-техникалык окуу жайына тапшырып, 1975-жылы аяктаган соң Бүткүл союздук юридикалык сырттан окуу институтуна кирип, 1994-жылы ийгиликтүү аяктаган.

1979-1986-жылдары Афганистан согушунда аскердик вертолетто борттехник кызматын өтөп, эки жолу жарадар болгон. Андан кийин чек ара кызматында кызмат өтөп, ардактуу эс алууга чыккан.

С.Асакеев “Кыргызстан” универсалдык биржасында, Ысык-Көл облусуна караштуу Кара-Кол мамлекеттик администрациясында “Интерэнергохолдинг” ММКда жетекчилик кызматтарда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратында эмгектенген.

Сталбек Асакеев ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп келген.

СССР өлкөсүнүн жана Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылууга сиңирген эмгеги үчүн эки жолу “Кызыл жылдыз” ордени жана “Эрдик үчүн”, “Баатырдык иштери үчүн” медалдары, ошондой эле СССР Жогорку советинин Ардак грамотасы, “КМШнын ардактуу чек ара кызматчысы” жана башка ушул сыяктуу бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий