• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Асан Жакшылыковдун 70 жылдыгына карата: Лирикадан эпикага, адабият таануудан кыргыз таанууга...

Коом 0

Адабий сын ордуна

Улуттук адабияттын соңку бир кылымдагы басып өткөн жолу өнөгөлүү болду. Өткөн кылымдын 20-жылдарынан 50-жылдардын аягына чейин, кыргыз совет адабияты телчигүү мезгилин башынан кечирсе, 60-70-жылдарда жылдыздуу доорун сүрдү. Бул мезгилди улуттук адабияттын кайра жаралуу – ренесанс доору десек болот.

Албетте, А.Токомбаев, У.Элебаев, Ж.Турусбеков, Ж.Бөкөнбаев, Т.Сыдыкбеков, А.Осмонов, У.Абдукаимов жана башкалар баштаган залкарлардын кыргыз совет адабиятындагы ордун жана улуттук адабияттын өнүгүшүнө кошкон салымын жокко чыгара албасак да, улуттук адабияттын кайра жаралуусу, жылдыздуу доору өткөн кылымдын 60-70-жылдарына туура келери тарыхый талашсыз чындык. Мына ушул мезгилде улуттук адабият дүйнөлүк адабияттын деңгээлине көтөрүлүп, прозада Ч.Айтматов, М.Гапаров, А.Жакыпбеков, К.Жусубалиев, Э.Борбиев баштаган кара сөз чеберлеринин жылдызы жанса, поэзияда С.Эралиев, С.Тургунбаев, Т.Муканов, Р.Рыскулов, О.Султанов, А.Жакшылыковдор өзүнүн канаттуу поэзиясы менен адабият дүйнөсүн дүңгүрөтүштү. Адабий сында К.Асаналиев, С.Жигитов, А.Токтогулов, К.Бобулов, К.Даутовдордун “ити чөп жеди”. Кыргыз совет адабиятына революция жасап, аны реформалангандар да мына ушул “алтымышынчылар” болду. Арийне, антсе да “алтымышынчылар” жасаган адабий революциянын түпкү максаты, алар жасаган адабий реформанын маани-маңызы улуу жана кичүү муундагы сынчылар тарабынан ачылып берилген жок. Улуттук адабиятты дүң кылып, “алтымышынчылар” аталып, адабияттагы кийинки муунга жол көрсөткөндөрдүн “эрдиги” катардагы көп эрдиктин бири катары сыры ачылбай кала берди. Алардын катарында “алтымышынчылардын” көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири акын, жазуучу жана философ Асан Жакшылыков да бар.

Албетте, “алтымышынчылардын” адабий төңкөрүшү жана “эрдиги” тууралуу эртеби-кечпи айтылбай койбойт жана соңку мезгилде ошол кенемтени толуктап, “алтымышынчыларга” кайрылгандар кездешет. Акын кыздарыбыздын бири, филология илимдеринин доктору Аида Эгембердиева “Асан Жакшылыковдун бүгүнкү бийиктиги” аттуу маалыматтык макаласында, ал тууралуу монография жазганын эскере келип, “Асан Жакшылыковдун бүгүнкү бийиктигине көз чаптырсак, ал ким?” деп собол салып, Асан Жакшылыковдун алты өзгөчөлүгүн: лирик акын, эпик акын, жазуучу, илимпоз, манас таануучу, котормочу экенин белгилеген экен. Биз адабиятчынын бул пикирине толук кошулуу менен, анын адабиятчылык жана тарых таануучулук, ойчулдук сапаттарына да окурмандардын көңүлүн бура кеткибиз келет. Ырас, Асан Жакшылыков “Таңдын ырахаты” (1969), “Улуу шашке” (1977), “Бейпил көктөм” (1979), “Белес”, “Макмал төр” (1983), “Ыклас” (1985) баштаган онго жакын китеби аркылуу “лирик жана эпик акын” катары окурмандар, адабиятчылар, сынчылар тарабынан жылуу кабыл алынганы баарыбызга маалым.

Ал 60-жылдардын этегинде 70-жылдардын башында кыргыз журтчулугуна акын катары таанылган. Анын калеминен жаралган тоонун илеби урган, нукура кыргыз кыртышында өнүп чыккан ырлар башка замандаш акындардын ырларынан өзгөчөлөнүп турганы эсибизде. Акындын “Таңдын ырахаты” тунгуч ырлар китеби 1972-жылы жаш жазуучулардын кеңешмесинде Кыргызстан жазуучулар союзунун катчысы Ж.Мавлянов тарабынан жакшы бааланган. Акын Асан Жакшылыковго карата улуу муундагы акындар да жогору баасын беришкен. Алсак, Темиркул Yмөталиeв: “Асан Жакшылыков көркөм сөз дүйнөсүнө кеңири таанымал, философиялык ойлору терең, чыгармачылык иштин көп кырдуулугун, мазмунун жана формасын талдап издеген, жаңылыктарды ачууга өз салымын кошкон, поэзиянын туу чокусун карай тынымсыз аракеттенген таланттуу акын” деп айтса, акындын жылдызы жанып турганда, анын замандашы, кийин-кийин белгилүү акын жана адабиятчы катары таанылган Алым Токтомушев “Ленинчил Жаш” гезитине (1970-жылы) атайын макала жазганы да акындын өз замандаш калемдештери, асыресе жаштар арасында жылуу кабыл алынганынан кабарлап турат. Ошол жылдарда акындын “Бейпил көктөмү” ырлар жыйнагы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына арзыганы жөн жеринен эмес. Ошентип, А.Жакшылыков улам кийинки ыр жыйнагына карай өсүү жолунда болгон жана кыргыз ыр дүйнөсүнө жаңы ойлорду, жаңы табылгаларды алып келген. Заманыбыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматов: “Асандыкы абдан келтирилген - терең кеткен, чоң, улуу философиялык поэзия”, - деп анын акындык өнөрүнө карата эң чоң баа бергени тегин жерден эмес.

Минтип акын Асан Жакшылыковдун поэзия дүйнөсүндө өз бийиктигин жаратып, өз стилин таап, өз үнү бар акын катары таанылганы жөн-жай көрүнүш эмес, тескерисинче мыйзам ченемдүү нерсе. Анткени, ал элетте төрөлүп, элетте өссө да, дүйнөлүк адабияттан эртерээк кабардар болуп, анын алдыңкы өкүлдөрүнүн чыгармалары менен эртерээк таанышып, эң башкысы ал чыгармаларды өзүнө сиңире алган жана үйрөнгөндөрүн: ой жүгүртүү тереңдиктерин, образ жаратуу чеберчиликтерин өзүнүн чыгармаларында ыктуу пайдалана алганы менен айырмаланат. Арийне, дүйнөлүк адабиятты кимдер гана окуган эмес, акын-жазуучулар арасында не бир залкарлардын чыгармаларын которгондор мындан көп. Бирок, аларга мүнөздүү кемчилик – кыргыз акындары дүйнөлүк атак-даңкы бар калемгерлерди сокур ээрчип, кургак кайталап, супсак туурап калган учурлар көп кездешет. Ал эми А.Жакшылыковдо андай эмес, акындын Рабиндранат Тагорго, Уолт Уитменге, Пабло Неруда жана башкаларга таасирленгени талаш жаратпаса да, ал алардан болгону ой жүгүртүүнүн эркиндигин, масштабдуулугун, ачыктыкты гана үйрөнгөн жана чебер акын катары мунун баарын кыргыз ыр кыртышына отургузган. Отургузганда да, жөн гана өлүү отургузуп койбостон, ой жүгүртүү эркиндигине жаңы чабыт, жаңы дем берген. Акындын ырдын уйкаштыктарына эмес, ырдын формасына эмес, ырдын мазмунуна, андагы айтылып жаткан идеяга басым жасаганы мына ошондон. Ал шыдыр уйкаштыктарга, куурчактай куралган муундарга, каш-кирпиги терилген куплеттерге кызыкпайт, анын ырлары галстук тагынбайт, чыкчыйып кийинбейт, тескерисинче окурмандарга бир аз кополураак, өмүр бою колунан кетмен түшпөгөн дыйкандыкындай быдыракай көрүнөт.

Адатта, сергек окурман ыр окуганда акындын алдына түшө жүгүрүп, ырдын муун өлчөмүнө, уйкаштыктарына карай, ырдын андан ары кандай уланарын, эмне айтайын дегенин, кайсы акынга кандай уйкаштыктар мүнөздүү экенин жазбай билип, ыр жыйнактагы бирин-экин ырды окуган соң, калганын аттап окуп, анан китепти жаап коет эмеспи. А.Жакшылыковдо андай эмес. Анын ырларындагы муундар да, айтыла турган ойлор да, уйкаштыктар да ар башка. Ал окурмандын ой-кыялын уйкаштыктар менен кыспайт, даяр ойлор, көндүм муундар менен тушабайт, окурманга мүмкүн болушунча эркиндик берет. Анын ырларын окуп жатып, бирде акын менен келишсең, бирде келише албайсың, бирде... Бир сөз менен айтканда, акындык ырлары окурманды ойго чакырганы, улам кайталап окууга умсундуруп турганы менен айырмаланат.

Акындын ырларына мүнөздүү мына ушул ой эркиндиги жана акыл чабытынын кенендиги, айтылып жаткан ойдун тереңдиги аны эпикалык мүнөздөгү чыгармаларды жаратууга түрткөн десек болот. Демек, адабиятчы жана акын А.Эгембердиева Асан Жакшылыковго – “эпик акын” катары мүнөздөмө бергени абдан эле жүйөлүү жана бул так мүнөздөмө. Кыргыз адабиятынын тарыхында А.Токомбаев, А.Токтомушев, О.Султановдон кийин ыр менен роман жараткан акын – А.Жакшылыков. Айтканга жеңил болгону менен ыр менен роман жаратуу жеңил-желпи иш эмес. Бул акындан көп күчтү, эмгекти, тажрыйбаны, анан да көктүктү, өжөрлүктү, ден соолукту талап кылат.

Асан Жакшылыковду чыгармачыл инсан катары толуктап турган нерсе – анын жазуучулугу. Иралды акын катары таанылган Асан Жакшылыковго Кыргыз эл жазуучусу наамын берилгендигинин сыры мына ушул жакта жатат. Ал “Элет аңгемелери” менен адам турмушунун ар кыл аңыттарын түгөлдөп-түстөй алган, адам психологиясындагы кубулуштарды, адам мүнөзүндөгү пенделик сын-сыпаттарды мыкты билген жана чечмелей алган, тили ширин жазуучу катары көрсөтө алды. Ал турмуштук көрүнүштөрдү шашпай, логикалык жактан ырааттуу, сыдыргыга салгандай сүрөттөп жүрүп отурат, башкаларга окшоп үстөмөндөтүп, ойду алагачып, же тумандатып, бириндетип, же окуянын, адамдын мүнөзүн, оюн кемитип, кетип, окурманды “бул жери чала болуп калган тура” деп шыпшындырып жазбайт. Окурманга жугумдуу тил менен, түшүнүктүү жазат. Ал кара сөз чебери катары өз аңгемелеринде унутулуп бараткан сөздөрдү көбүрөөк колдонгонго аракет кылат. А.Жакшылыковдун аңгемелерин Шукшиндин аңгемелерине салыштырганын адабиятчылар эч жаңылышкан эмес, бул жазуучунун жугумдуу тилине берилген калыс баа.

Калемгер үчүн котормо өнөрү кайталангыс мектеп. Акын болобу, жазуучу болобу, өзүн котормодо сынап көрүүсү шарт. Котормочу Асан Жакшылыков да бул мектептин сыноосунан өтүп такшалган. Ал А.Пушкин, Р.Тагор, Л.Леонов, Э.Межелайтис, Г.Эмин, Б.Олейник, Абай, М.Смеляков ж.б. акындардын кыйла чыгармасын кынтыксыз кыргызчалаганы анын котормочулук талантынан кабарлап турат.

Асан Жакшылыковдун Роза Карагулованын чыгармачылыгы тууралуу “Роза жыттуу поэзия” аттуу адабий ой-толгоосун окуп отуруп, ал акын, жазуучу жана котормочу гана болбостон, акын-жазуучулардын адабияттагы ордун, адабиятка апкелген жаңычылдыгын билген, улуттук көркөм ой жүгүртүү процессин талдай билген адабиятчы экенине да ынанасың. “Адабиятты өзүнчө изденген таланттар жаңылайт жана байытат. Бул жагынан алганда биздин муун да кур кол эмес. Мактана турган, кыргыз адабиятын алдыга жылдырган катарыбызда акындарыбыз бар. Роза, менимче ошолордун, нагыз таланттардын бири, көрүнүктүүсү. Ал карапайым жашап, карапайым бойдон өттү. Анын жеңиши жаш кезиндеги Роза кандай болсо, ошо мүнөзүндө турмуштун ар кандай тепкисине, катаалдыгына карабастан, поэзиясы Роза жыты менен, адамгерчилиги ошо назик аруулугу бойдон кала берди”, - деп замандашына баа берген С.Жакшылыков өз мезгилинде Р.Карагулова, С.Акматбековаларды ошол кездеги жаш сынчы О.Ибраимовдон коргой албай калганы өкүнүч менен эскере келип, “...кыргыз адабиятынын тарыхый да, өзөктүү өнүгүшү да ушул эпикалык көрүнүшкө түп тамырынан байланган жана негизделгенин, эпикалык дүйнө таанымдан айрылсак, элдигибизден кол үзүп жүрө-жүрө жеке гана тагдырды ырдаган лирика дүйнөсүндө чектелүүгө апкелерин” эскертет. Түшүнүп, маани берип окуган адамга анда көп ойлор камтылган.

Акыркы чейрек кылымда акын, жазуучу, котормочу, адабиятчы Асан Жакшылыковдун талантынын башка бир кыры ачылды. Ч.Айтматов жазуучу катары өзүнүн космосун тапса, Асан Жакшылыков мекенчил инсан катары, өз улутунун уулу катары мекен, ата журт, улут деген ыйык түшүнүктөрдүн орбитасында айланган өзүнүн космосун тапты жана ал алгачкылардан болуп, кыргыз таануу багытындагы дыңды бузду, жол салды. Анын “Эстутум”, “Кыргыз жолу” илимий эмгектери кыргыз таануудагы дыңды бузуу эмей эмне. Арийне, ал ошол көөнөргүс эмгектери менен токтоп калбай, мындан он жыл илгери “Кыргызчылык” аттуу китебин окурман журтчулугуна тартуулоо менен буга чейин айтып-жазып келгендерин толуктап, кыргыз элинин улут катары калыптануусун, элибиздин башатын-этногенезин тактады. Элибиздин жол башчылары Түмөн, Сактан, Уузхан, Манасты тарыхый инсан катары карады. Мүмкүн, биз бүгүн да бул эмгектердин баа-баркын, кунун билбей жатабыз. Качандыр бир мезгилдер келет, ошондо ушул бүгүн кыргыз таануунун көч башында турушкан акын-жазуучу Асан Жакшылыков, жазуучу Чоюн Өмүралиев, тарыхчы Сабыр Аттокуров, физик Самат Кадыров жана башкалардын ысымдары тарых бетине алтын тамгалар менен жазылат. Ушул бүгүн кыргыз таануучуларынын көшөргөн эмгектеринин аркасында билим берүү мекемелеринде кыргыз таануу сабагын киргизүү зарылдыгы өсүп жетип, тийиштүү илимий база жаралып калды, бирок негедир бул ишке мамлекеттик деңгээлде көңүл бурула электиги ойлонтпой койбойт.

Жыйынтыктап айтканда, 50 жылдан ашуун чыгармачылык жолунда Асан Жакшылыков лирикалык ырлардан эпикалык чыгармаларга (поэмалар, ыр менен жазылган роман), поэтикалык ой толгоолордон тоонун суусундай мөлтүр кашка аңгемелерге, адабий иликтөөлөрдөн манас таанууга, манас таануудан кыргыз таанууга чейинки ырааттуу, улам жаңы чыгармачылык изденүүлөр менен жашаган, чыгармачыл инсан катары өзүн улам жаңы кырынан аңдаган, адам катары, чыгармачыл адам катары улам жаңы ачылыштарды жасаган, өрдөн өргө умтулган өнүгүү жолун басып өттү жана кыргыз улуттук адабиятынын өсүп-өнүгүшүнө салымын кошту, ошондой эле анын дүйнөлүк сереге көтөрүлүшүндө өз орду бар десек эч жаңылышпайбыз.

Учурда акын, жазуучу, кыргыз таануучу А.Жакшылыковдун поэзия, проза, учкул сөз топтомдору, кыргыз таануу багытындагы көп тарамдуу эмгектери 10 томдук болуп басмадан жарык көрүү алдында турат. Бул улуттук адабият тагдырына кайдыгер карабаган окурмандарга кызыктуу болот деп ойлойбуз.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу” (2019-жылдын 7-июну)

Пикир

Оставить комментарий