• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Асанбаев менен Казакпаевдин өлүмү - жагдайлардын трагедиялуу айкалышы — комиссиянын корутундусу

Өкмөт 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин СИЗОсунда болгон учурда каза тапкан "Айыл Банк" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүнүн фактыларын иликтөө боюнча жумушчу комиссия ишин аяктады.

Көрсөтмөгө ылайык, комиссия мүчөлөрүнө УКМКнын тергөө абагынын имаратына кирүүгө, тергөө амалдары жүрүп жаткан камакка алынгандардын өздүк делолору, видеокөзөмөлдөөлөрдүн жазуулары менен таанышууга, ошондой эле УКМКнын кызматкерлери, тергөө абагында кармалып турган адамдар менен байланышууга толук мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Комиссия өз ишинин жүрүшүндө 12 отурум өткөрсө, анын беши УКМКнын СИЗОсунда, жетөө өкмөт үйүндө болду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматы угулуп, Б.Асанбаев менен М.Казакпаев камакта болгон учурдагы СИЗОнун байкоочу камералардагы жазуусу, тергөө абагынын эсеп-кысап документтери көрүлдү. Аны менен катар каза болгон адамдар менен чогуу кармалгандар, СИЗОнун кызматкерлери суралып, бул кылмыш иштерин тергеген УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрү менен баарлашуу болду.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча комиссия Б.Асанбаев менен М.Казакпаевдин күтүүсүз өлүмүнө алып келген жагдайлардын трагедиялуу айкалышы жөнүндө алдын ала корутундуга келди.

Ушундай иштердин кайталанбашы учун комиссия зарыл чаралардын комплексин сунуш кылды.

«Министрлер кабинети мамлекет башчысынын тапшырмасы менен убактылуу кармоочу жайды, СИЗОну жана бардык пенитенциардык системаны толугу менен кайра түзүүнү пландаштырууда. Жакынкы жылдарда бул маселе коомду гумандаштыруунун, тергөө абагынын жана жаза өтөө жайларынын шарттарын жакшыртуунун алкагында эң артыкчылыктуу багыттардын бири болот», - деди - комиссиянын төрагасы Эдил Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий