• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Асанбай" паркында жарылуучу затты жардырган шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы Бишкектин "Асанбай" паркында жарылуучу затты жардырган шектүүнү кармады.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, 2-декабрда "102" кызматына "Асанбай" паркында белгисиз жаран жардыруучу зат ыргытып жибергендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаган. Күбөлөр айтылган даректе жарылуучу заттардын жарылгандыгын көрүшкөн.

Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 31 жаштагы А.Н. аттуу жаранды качып бара жаткан жеринен кармашып, октябрь райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертиза дайындалган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий