• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Асанкулов: Баткен облусун өнүктүрүү программасы жергиликтүү тургундардын пикирин эске алуу менен иштелип чыгат

Өкмөт 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Жеңишбек Асанкулов, Баткен облусунун чектеш айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү аймакты өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу алкагында Баткен облусуна барышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Сапардын жүрүшүндө ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү Баткен облусунун Лейлек районунун бир катар айылдарына, анын катарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кагылышуудан жабыркаган Интернационал, Максат жана Борбордук айылдарына барышты.

Жумушчу топтун мүчөлөрү ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, анда кыргыз-тажик чек ара чатагынын жүрүшүндө талкаланган турак-жайларды жана коммерциялык объектилерди калыбына келтирүүгө, жерди трансформациялоо, ичүүчү таза суунун жетишсиздиги, жолдордун курулушу, жеңилдетилген кредиттердин берилишине тийиштүү көйгөйлөр угулду.

Андан соң делегация мүчөлөрү Лейлек районундагы Кулунду каналынын суу бөлүштүрүүчү негизги тосмосунун курулушу менен таанышты.

Баткен облусун өнүктүрүү долбоорун иштеп чыгуу боюнча сапаттуу сунуштарды даярдоо үчүн бир катар көчмө жыйын өткөрүү чечими кабыл алынды.

«Баткен облусунун бардык айылдарын камтуу үчүн ведомстволор аралык топтун мүчөлөрү 4 жумушчу топко бөлүндү. Учурда Баткен облусунун айылдарынын калкы менен жолугушуулар өтүүдө жана жергиликтүү тургундар тарабынан айтылган сунуштар жалпылаштырылууда. Бул абдан маанилүү, анткени жергиликтүү тургундар аймактын көйгөйлөрү тууралуу эң мыкты билишет. Баткен облусунун тургундарынын ар бир пикири эске алынат», - деди Жеңишбек Асанкулов.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын президентинин «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, «Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору иштелип чыгып, 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын натыйжасында жабыркаган Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн, анын ишинин алкагында Баткен облусун өнүктүрүү программасынын долбоору иштелип чыкмакчы.

Пикир

Оставить комментарий