• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Асанкулов: Мамлекеттин укуктук системасын чыңдоо бийлик бутактарынын ишиндеги маанилүү багыт

Өкмөт 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Өкмөттүн аппарат жетекчиси-министр Жеңишбек Асанкулов «Кыргыз Республикасындагы мыйзам үстөмдүгү - 2-фаза» Программасын ишке ашыруунун алкагында Программанын жетекчисинин орун басары Виктор Кесслер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бул Программаны ишке ашыруунун алкагында 2020-жылы республиканын бардык облустарында жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери үчүн «Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларын жергиликтүү бийлик органдарында колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу» темасында семинар-тренингдер өткөрүлгөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Административдик ишмердүүлүктүн жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата китеп-түшүндүрмөнү тапшырылды.

Аталган түшүндүрмө Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдарына жөнөтүлөт.

«Мамлекеттин укуктук системасын чыңдоо, жашоонун бардык тармактарында укук жана мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын ишиндеги маанилүү багыт болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык деңгээлде жогорку укуктук маданиятты калыптандырууга кызыкдар», - деп жыйынтыктады Жеңишбек Асанкулов.

Пикир

Оставить комментарий