• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Асанов: 2017-жылы милицияга калктын ишеним деңгээли 5,3%га өскөн

Коом 0

Бишкек, 28.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Эл-Пикир” Коомдук пикир изилдөө борбору тарабынан өткөрүлгөн тышкы баалоо жыйынтыктарына ылайык 2017-жылы калктын милицияга ишеним деңгээли 5,3%га өскөн. Бул тууралуу “Кыйноо жана зомбулуктун курмандыктарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо” эл аралык конференциясында КР ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

Ал 2016-жылы калктын ишеним деңгээли 36,1% болсо, 2017-жылы 41,4%га жеткенин белгиледи.

Ошондой эле Курсан Асанов ИИМди аныктоодо оң кадамдар бар экенин, бул ишмердикти баалоонун – кыйноо фактыларын аныктоонун негизги көрсөткүчү болуп саналарын белгиледи.

“2017-жылы КР КК 305-1-беренеси боюнча үч кылмыш иши боюнча КР ИИМДИН Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Жалал –Абад облустук ИИБдин 5 кызматкери тартылууда. Алардын ичинен КР ИИМ ИТК материалдары боюнча Жалал-Абад ИИБ эки кызматкери бир кылмыш иши боюнча тартылган. 2018-жылдын өткөн мезгилинде КР КК 305-1-беренеси боюнча Талас облусунун Бакай-Ата районунун ИИБнин 2 кызматкерине карата бир кылмшы иши козголгон. Тергөө жүрүп жатат”, - деди ал.

КР Коопсуздук кеңешинин КРнын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөшүүнүн актуалдуу чаралары жөнүндө чечимине ылайык укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин жарандар менен кызматтык жайларда жолугушууларындагы аракеттерине видео көзөмөл системасын киргизүү сунушталды.

“Буга байланыштуу ИИМде бул чечимди ишке ашыруу жана аткаруу боюнча чаралардын деталдаштырылган Планы иштелип чыкты. Ал ИИБде кызматкерлер тарабынан жарандарды кыйноо жана коррупция фактыларын аныктап, аларды жоюуга шарт түзөт. Учурда бардык убактылуу кармоочу жайлар жана ИИБ нөөмөт бөлүктөрү видеокамералар менен жабдылган. Бул кыйноо фактыларын жоюуну шарттады. Кийинки баскыч катары ИИб тергөө бөлүктөрүнүн бөлмөлөрүн видеокамера менен жабдууну пландап жатабыз. Учурда биз каражат издеп жатабыз”,- деп кошумчалады министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий