• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Асанов: Үй-бүлөдөгү зомбулуктун 70 пайызы ичкиликке байланыштуу болуп жатат

Коом 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Жогорку Кеңеште “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт.

Ички иштер министринин орун басары Памир Асановдун айтымында, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, ички иштер органдарына коргоо ордерин берүү жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартуу боюнча материалдарды берүү үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди аткаруу милдеттери жүктөлгөн.

“Өткөн 6 жыл ичинде соттор тарабынан каралган жазык иштеринин саны өскөндүгүн көрсөттү. Бул үй-бүлөлүк зомбулук көбүрөөк криминалдашып бараткандыгын, анын кесепети адамдын ден соолугу жана өмүрү үчүн оор экендигин, анын ичинде үй-бүлөлүк чыр-чатактын негизинде адам өлтүрүүгө барып жаткандыгын күбөлөндүрүп турат”, - деди баяндамачы.

Депутаттар үй-бүлөлүк зомбулуктун негизги себептерине кызыгышып, айтылган айрым маалыматтар анчалык жүйөлүү жана ынанымдуу болбой жатканын белгилешти.

Асанов зомбулук негизинен ичкиликке байланыштуу экенин, андай жосундар 70 пайызды түзөрүн, зомбулуктар көбүнесе эркек адамдар тарабынан жасалып жатканын, статистика көрсөткөндөй, аялдар тарабынан жасалган зомбулуктар да жок эмес экенин билдирди. “Айрыкча чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын балдары зордук-зомбулукка көп кабылууда”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, статистикалык маалыматтарга караганда, үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча ички иштер органдары тарабынан берилген коргоо ордерлеринин саны 2012-2018-жылдар аралыгында 2415тен 7114кө чейин өсүп жеткен. Ал эми сот тарабынан каралган үй-бүлөлүк зомбулук боюнча администрациялык укук саны 2012-жылы 716 болсо, 2017-жылы 2547ге жеткен же 3,6 эсеге өскөн. Тилекке каршы, ИИМ өкүлү 2019-жылы канча зомбулук жосуну катталганын так айта алган жок.

Пикир

Оставить комментарий