• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Асель Чынбаева Бишкектин конуштарындагы бала бакчалардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 25.06.22. /Кабар/. КР Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаев, мамлекеттик органдардын, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана балдарды коргоо жаатындагы эксперттер менен биргеликте Бишкек шаарындагы жаңы конуштардагы мамлекеттик эмес эмес мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмунөн билдирди.

Бала бакчалардын абалы менен таанышууда КР президентинин жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Өлкөнүн өнүктүрүү улуттук программасынын аткарылышы жана ага ылайык Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишмердигинин бир багыты болгон балдардын мыйзамдуу укуктарын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн алкагында, Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда жашаган социалдык аялуу катмардын балдарына мектепке чейинки билим берүүгө жана мектепке чейинки жаштагы балдарды кароо шарттарына жеткиликтүүлүк боюнча кеңейтилген жыйын өткөрүлдү.

Бала бакчалардын жетекчилери жана кызматкерлери баса белгилегендей, Бишкек шаарындагы жаңы конуштардагы жашоочулардын арасында мектепке чейинки билим берүү жана аларды кароо шарттарына талаптар жогору.

Ошондой эле алар мамлекеттен, аз комплекттүү бала бакчаларды ачууда жана иштетүүдөгү тоскоолдуктар, Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда жашаган калктын социалдык аярлуу катмарындагы балдардын жана аялдардын оор абалы, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо шарттарына жеткиликтүүлүктүн жоктугуна мамлекет тарабынан көңүл буруу сыяктуу актуалдуу маселелерди көтөрүштү.

Асель Чынбаева мектепке чейинки курактагы кичинекей балдар бир топ аярлуу экендигин белгиледи. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 1 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдардын мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликсиздиги 70% жакын.

Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева мектепке чейинки билим берүү шарттарын өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү ишмердигине уруксат берүүчү системанын жөнөкөйлөтүүнун эсебинен мектепке чейинки балдарды кароо боюнча шарттарын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Белгилеп кетчү жагдай, мамлекетик эмес балдар бакчалардын жетекчилери жер-жерлерде социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө чоң потенциалга ээ.

Пикир

Оставить комментарий