• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Асель Чынбаева үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун укуктук жолдору боюнча изилдөөнүн бет ачарына катышты

Коом 0

Бишкек, 05.04.22./Кабар/. КРнын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева бүгүн, 5-апрелде, «Кыргыз Республикасындагы улуттук деңгээлдеги үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун укуктук каражаттарын изилдөөнүн жыйынтыктарын тааныштыруу» аталышындагы тегерек столго катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Борбордук Азиядагы БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы тарабынан уюштурулган иш-чарада Асель Чынбаева сөз сүйлөп, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү уланып жатканын белгиледи.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кошумчалагандай, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук коомдун негизги бирдиги катары үй-бүлөнүн жашоосунун негиздерине гана доо кетирбестен, коомдун өзүнүн коопсуздугуна да коркунуч туудурат. Барган сайын балдар жана аялдар, ошондой эле кээде эркектер, зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп баратышат.

Ошондой эле, Асель Чынбаева бул тегерек столдун маанилүүлүгүн белгилеп, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы эффективдүү саясат мамлекеттик түзүмдөр менен жалпы коомчулуктун өз ара кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүсү шартында гана мүмкүн болорун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий