• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Асел Чынбаева менен ЕБнын КРдагы өкүлчүлүгүнүн делегаттары балдардын укугун коргоо маселесин талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 27.04.22./Кабар/. КРнын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева бүгүн, 27-апрелде, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн делегаттары менен балдардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча мындан аркы биргелешкен ишти талкулоо үчүн жолукту.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдиргендей, тараптар Кыргызстандын Европа Биримдиги (ЕБ) менен балдардын укугун коргоо жаатында кызматташтыктын учурдагы абалы тууралуу талкуулашты.

Асел Чынбаева Кыргызстандын ЕБ менен көп жылдык өнөктөштүгү бар экенин белгилеп, өз ишинин негизги милдеттерин, пландарын жана идеяларын белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргызстандагы жалпысынан, анын ичинде турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга байланыштуу азыркы кырдаалга талдоо жүргүзүүнүн жана өлкөдөгү балдар боюнча бирдиктүү маалымат базасын иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Өз кезегинде ЕБ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн долбоордук менеджери Йотам Лерер Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн демилгесин колдоп, “Адилеттүүлүк бардыгы үчүн” жана башка программалардын алкагында балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий