• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Асем буюмдарды кредитке кандай алса болот? «Бакай Банктан» колдонмо

Коом 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. «Бакай Банк» «Алтын», «Берен Голд» жана «Берекет Гранд» соода түйүндөрүндөгү бир катар дүкөндөр менен өнөктөш болду. Зер буюмдарды эми баштапкы салымсыз, кепилдикчи жана жашаган жеринен ырастама алып келбестен кредитке алса болот.

«Алтын» ювелирдик холдинги, ошондой эле Бишкектеги «Берекет Гранд» жана «Берен Голд» соода түйүндөрүндөгү бир катар дүкөндөр зер буюмдарды кредитке сатышат. Андыктан, сизге жаккан асем буюм, сиз ойлогон баадан кымбатыраак болсо, анда 5 миң сомдон 150 миң сомго чейинки суммада берилчү кредитти толугу менен же болбосо бөлүп алсаңыз болот.

«Кредиттик эксперттер отурган банк бөлүмдөрү биздин өнөктөш дүкөндөргө абдан жакын жайгашкан. Андыктан жолдон өтүп келип, кредитти бир заматта алса болот», — дейт «Бакай Банктын» чекене кредиттөө башкармалыгынын башчысы Назгүл Токоева.

Артыкчылыктары:

• Баштапкы салым зарыл эмес

• 50 000 сомго чейин болсо кепилдикчиге муктаждык жок

• Жашаган жеринен ырастама талап кылынбайт

• Тез арада берилет

• Банктын бөлүмү «Алтын» жана «Берен Голд» дүкөндөрүнөн бир мүнөттүк жолдо жайгашкан

Асем буюмдарды кредитке кандай алса болот?

«Бакай Банктын» өнөктөш-дүкөндөрүнө барып, сизге жаккан зер буюмду тандайсыз. Төлөөгө эсепти аласыз жана «Бакай Банктын» (ЦУМ-1 жана ЦУМ-2) бөлүмдөрүнө тиешелүү документтериңиз менен барып, кредит аласыз. Акча накталай берилбейт, ал өнөктөштүн эсебине которулат. Дүкөнгө кайтып келип товарыңызды алып кетесиз. Акыркы жана маанилүү кадам – колуңуздагы асем буюмду жакын адамыңызга белек кылыңыз.

Кредитти кимдер ала алат?

Акыркы жумушунда минимум 6 айдан бери иштеп жатканы боюнча ырастамасын алып келген 21 жаштан 65 жашка чейинки бардык жарандар. Ал эми «Бакай Банктын» маяна долбоорунун катышуучуларынан мындай маалымкат талап кылынбайт.

Оюңуздагы сатып алуу мүмкүнчүлүгүн кое бербеңиз!

Кененирээк «Бакай Банктын» сайтынан таанышыңыз — керектөөчү «Тунук» кредити же болбосо контакт-борборго чалыңыз: 6111

«Бакай Банк» — Кыргызстандын ири банктарынын бири, 20 жылдан ашык убакыттан бери бизнес жана жеке адамдар үчүн финансылык кызматтарды көрсөтүп келет. 2020-жылдын башында «БТА Банк» ЖАКын бириктирип алгандан кийин «Бакай Банк» уставдык капиталынын көлөмү жана филиалдык түйүндөрүнүн тармакташуусу боюнча өлкөдөгү эң ири банктардын бири болуп калды. Банктын 180 бөлүмү Кыргызстандын бардык аймактарында ыкчам жана ыңгайлуу кызмат көрсөтүүнү камсыздашууда.

Пикир

Оставить комментарий