• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Асфальт менен баткак жолду бөлгөн тосмо: Бишкектин жолдорундагы абалды чагылдырган видео

Коом 0


Бишкек. 21.02.19 /Кабар/. Бишкектеги жолдордун жана тротуарлардын абалы тууралуу ар кандай пикирлер айтылып келет. Бирок биз баткак жолдорго көнүп калгандайбыз.

Мирлан Кубатбеков аттуу жаран өзүнүн Facebook'дагы баракчасына Фучик көчөсүндөгү автоунаалар жүргөн жолду жана эл баскан тротуарды салыштырган видео менен бөлүшкөн.

– Бул Бишкек менен "Манас" аэропортун байланыштырган жол. Асфальтталган, темир дубал менен тозулган, баары кооз. Ал эми бул темир тосмонун арт жагы. Бир жагында чиновниктер жүрүшөт, ал эми бул жагында карапайым эл басат. Айырмасын байкап турсаңар керек?!, - дейт Кубатбеков.

Анын айтымында, бул видео Фучик менен Ленский көчөлөрүнүн кесилишинде тартылган.

Пикир

Оставить комментарий