• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ашхабад аэропортунда жарандардын чет өлкөгө чыгышына тоскоолдуктар жаралууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 22.03.19 /Кабар/. Миграция күч алып жаткан маалда түркмөн бийлиги жарандарынын чет өлкөгө чыгышына тоскоолдук жаратууда. Чет өлкөгө чыгууну каалагандар паспорттук көзөмөлдөн өтүү үчүн миграция кызматкерлерине пара берүүгө аргасыз болууда. Акчанын көлөмү рекорддук көрсөткүчө жетип, 200 АКШ долларын түзгөн учурлар катталды.

Буга чейин Ашхабаддын эл аралык аэропортунда алдамчылар жүргүнчүлөрдү “учакка отургузууга” убада беришип, акча алып, качып кеткен учурлар катталган.

Түркияга багыт алгандар көбүрөөк тоскоолдуктарга кабылышууда.

"Акыркы үч айда каттамдардан жапырт түрдө алып салуу учурлары катталууда. Паранын көлөмү өсүүдө, себеби эл жапырт түрдө өлкөдөн качып кетип жатат. Түркияга багыт алгандар миграциялык көзөмөлдөн өткөндө ири өлчөмдө акча беришүүдө, түркмөн каттамыбы же түрк каттамыбы, айрымасы жок”, – деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы.

Ал ортодо түркмөн бийлиги чет өлкөдө жүргөн жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча түрдүү чараларды колдонууда.

Пикир

Оставить комментарий