• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ашхабад бийлиги тургундарга «бекер суу» үчүн айыппулдарды салууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.01.19 /Кабар/. Ашхабаддын тургундары мурдагы жылдары пайдаланган суу үчүн акча төлөөгө мажбурланып, төлөбөгөндөрүнө айыппулдар салынууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, шаардыктардын көбүнүн айыппул төлөтүү системасы жана алардын баалары тууралуу маалыматтары жок.

«Жарандар мурдагы жылдарда пайдаланылган суу үчүн төлөнчү суммалар жана айыппул өлчөмүн коммуналдык кызматтын өкүлдөрү келгенде гана билип жатышат. Азыр шаардыктардын көбүнө 2017-жылдын ноябрынан бери пайдаланылган суу үчүн айыппул салынууда. Мындан тышкары 2015-2016-жылдары пайдаланылган суу үчүн да төлөм талап кылышууда», — деп жазды басылма.

Акыркы жылдары Түркмөнстанда калк арасында суу жана газ эсептегичтерди орнотуу иштери жапырт жүрүп келген. Бирок сууга, газга жана электр жарыгына болгон жеңилдиктерди толук жоюу чечими 2018-жылы сентябрда гана кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий