• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ашхабад чет өлкөлүктөр үчүн эң кымбат шаарлардын катарына кирди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Эл аралык Cost of Living Survey консалтинг компаниясынын иликтөөсүнө ылайык, Ашхабад чет өлкөлүктөрдүн жашоосу үчүн Гонконгдон кийинки эле экинчи кымбат шаар экени аныкталды.

Бишкек туристтер үчүн эң арзан беш шаардын катарына кирди. Бешилтикте Ташкент (Өзбекстан), Карачи (Пакистан), Виндхук (Намибия) жана Тунис (Тунис) да бар.

Ошол эле маалда чет өлкөлүктөр үчүн Ашхабадда жашоо Токио, Цюрих, Сингапур жана Нью-Йоркко караганда кымбат.

Дүйнөдөгү ири шаарларда иштеген адистердин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо валюта курсу, негизги керектелүүчү товарлардын жана кызматтардын баасы, инфляция деңгээли жана ижара акысы сыяктуу факторлор эске алынган.

Бул сурамжылоонун жыйынтыгын мамлекеттик жана жеке уюмдар кызматкерлерин чет өлкөгө иш сапарга жөнөтөрдө айылык акыларын жана жеңилдиктерин аныктоо үчүн колдонот.

Пикир

Оставить комментарий