• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ашхабад полициясы күңүрт түстөгү автоунааларды токтотпой калды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 06.05.19 /Кабар/. Ашхабад полициясы күңүрт түстөгү автоунааларды кармап, айып пул салууну токтотту. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын бир нече булагы бул маалыматты тастыктады.

Жума башынан бери “башка” түстөгү автоунааларды токтотпой калышты. Токтотушса дагы техникалык кароодон өткөн-өтпөгөнүн гана текшеришүүдө.

Бир жыл мурун Түркмөнстанда ак, күмүш жана ачык түстөгү автоунаалардан башкасына тыюу салынган.

Полиция жетекчиликтин оозеки көрсөтмөсүнө таянуу менен күңүрт түстөгү машине ээлерине айыппул салып турган.

Күңүрт түстөгү автоунааларга киргизилген чектөө алынганы тууралуу маалыматтар калк арасына телефон, мессенжерлер аркылуу тарады. Бийликтен расмий билдирүү болгон жок.

Бул арада кара түстөгү автоунааларга киргизилген чектөө алына электиги айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий