• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ашхабад шаарында КМШнын тышкы иштер министрлери жыйын өткөрдү

Саясат 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 10-октябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жыйын өткөрдү. Ага Кыргызстандын ТИМ башчысы катышты, - деп билдирет аталган ведомствонун басма сөз кызматы.

Анда эл аралык жана регионалдык көйгөйлөрдүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашылып, Шериктештиктин алкагында өз ара аракеттенүүнүн кээ бир аспекттери жана анын органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу талкууланды.

Кеңири форматта Кеңештин мүчөлөрү КМШга катышуучу мамлекеттердин элдеринин ортосундагы салттуу түзүлүп калган достук байланыштарын бекемдөөгө максатталган КМШ өлкөлөрүнүн оюндары тууралуу Жобонун долбоорун жактырышты.

"Кеңештин мүчөлөрү ошондой эле коопсуздукту камсыз кылууда өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган бир катар документтерди карап чыгышты. Тактап айтканда, тараптар маалыматтык коопсуздук, терроризмге жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуунун маселелерин козгогон документтердин долбоорун жактырышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий