• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ашхабад шаарындагы КМШ МБКнын кезектеги жыйынынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 12.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков күн мурун Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынына катышты.

КМШ МБК жыйыны тар жана кеңейтилген курамда өттү, анын жыйынтыктары боюнча Шериктештикке катышкан мамлекеттердин башчыларынын КМШ алкагында өз ара кызматташууну жогорулатууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Ошондой эле КМШ МБК жыйынынын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Ушул эле күнү Мамлекет башчысы Бишкекке кайтып келди.

Пикир

Оставить комментарий