• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ашхабад: спорт мектептери веложүрүш үчүн акча чогултууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. Түркмөнстанда Спорт комитети Ашхабаддагы спорт мектептердин директорлоруна велосипед, спорттук кийимдер үчүн акча чогултуу боюнча оозеки тапшырма бергени кабарланууда.

Түркмөн президентинин апрель айындагы көрсөтмөсү боюнча 3-июнь велосипед күнү деп жарыяланган.

Бул арада велосипеддин жана анын шаймандарынын баалары бираз кымбаттады.

"Велосипеддер 700- 900 манат (225 доллардын тегереги), костюмдар 150-200 манат турат. Акчаны машыктыруучулардан чогултушууда. Футбол мектебинен 9, шахмат мектебинен 5 велосипед талап кылышууда. Ар бир окуу жай жыл сайын 15-20 костюм алышы керек. Майрам үчүн эскилери жарабайт. Орто эсеп менен ар бир машыктыруучу 500 манат чыгарат. Мындан тышкары насос үчүн 30 манаттан чогултушууда", - деди “Азаттыктын” Ашхабаддагы кабарчысы.

Акыркы жылдары Ашхабадда жапырт түрдө веложүрүштөрдү өткөрүү салттуу көрүнүшкө айланды. Бийлик уюштурган спорттук иш-чараларга мамлекеттик мекеме-ишканалардын миңдеген кызматкери, айрым учурда президент Гурбангулы Бердымухамедов өзү катышат.

Маалыматтарга караганда, майрам үчүн велосипед жана спорт кийимдерин өз алдынча сатып алууга болбойт. Бийлик өкүлдөрү акча чогултууну талап кылып, ортомчулардын көмөгү менен кымбат баада алып берет.

Пикир

Оставить комментарий