• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ашхабад "жабык шаарга" айланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. Соңку эки аптада Түркмөнстандын башка аймактарына баруучу айдоочулар менен жүргүнчүлөр кыйынчылыктарга туш болушууда. Облустук номерге ээ унааларды Ашхабаддын кире беришинде токтотуп, кайра артка кайтарышууда.

Ашхабадга бара турган жүргүнчүлөрдү Чонгалы автобекетине таштап кетишүүдө. Эгер айдоочу өзү борбор калаага баргысы келсе, унаасын шаардын кире беришине токтотуп, коомдук транспорт же такси кызматын колдонушу керек.

Мындай чектөөлөр Ашхабадга башка өлкөдөн жогорку даражадагы коноктор келген маалда киргизилип турат. Бул жолкусу Азия оюндарына байланыштуу жана ал аяктаганга чейин созулары күтүлүүдө.

Чектөөлөрдүн натыйжасында таксилер азайып, кызмат көрсөтүү наркы кыйла жогорулады.

Пикир

Оставить комментарий