• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ашхабадда «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысына кол салуу болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 1-август /Кабар/. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы Солтан Ачилова Ашхабадда кайрадан кол салууга кабылганын билдирди. Бул 27-июлдан бери 67 жаштагы журналистке карата жасалган үчүнчү физикалык кысым көрсөтүү болду.

Ачилованын айтымында, 29-июлда эртең мененки саат 9да массалык веложүрүштү сүрөткө тартуу үчүн көчөгө чыккан. Ал Азиада-2017ге 50 күн калгандыгына байланыштуу уюштурулган расмий иш-чара болчу.

"Биз сыртка чыкканда үйдөн алысыраак жерде турган адамдарды байкадык. Аялдамага баратканда алардын бирин сүрөткө тартып алууга жетиштим. Ал биз менен бирге автобуска кирип, менин жаныма туруп алды. Мен автобустун терезесинен велосипедчилерди сүрөткө тарта баштарым менен мени колдон алды. Жанымдагы кызым мага болушуп, колумду андан тартып алды", - деп билдирди Солтан Ачилова.

Кабарчынын айтымында, андан соң кол салган адам адепсиз сөздөрдү айтып, аны өлтүрүп кетерин, кызынын бутун сындырарын айтып коркуткан.

"Силер өлкөнү уят кылып жатасыңар, митаамдар деп автобусту жаңырта кыйкырды. Биз кийинки аялдамадан түшүп калып, үйгө жөө келдик. Ал биздин артыбыздан ээрчип алып, жол бою өлтүрө турганын айтып коркутуп келди", - деди Солтан Ачилова.

Кабарчы бул окуядан кийин өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатканын билдирүүдө. Бул журналистке кол салынган алгачкы учур эмес.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий