• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ашхабадда Азияда оюндары аяктады

Коом 0

Бишкек, 28.09.17 /Кабар/. Ашхабад шаарында имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары аягына чыкты.

Түркмөнстан мелдеште чемпион аталды. Оюн ээлери 245 медаль алса, алардын ичинен 89у алтын. Экинчи орунга 42 алтын медалы менен Кытай чыкса, үчүнчүнү 36 алтын медалы менен Иран камсыздады. Казакстан менен Өзбекстан төртүнчү жана бешинчи катардан орун алышты. Кыргызстан 13 алтын медалы менен тизменин сегизинчи сабында жайгашты.

Жабык имараттагы Азия оюндары 16-сентябрда башталып, ачылыш аземи расмий түрдө 17-сентябрда өткөн. Мелдеш 27-сентябрда аяктады. Ага 64 өлкөнүн 5500дөн ашуун спортчулары катышты.

Газ ресурстарына бай Түркмөнстан мелдешке узак убакыт даярдык көргөн. 2,2 миллиард долларга аэропорт, 5 миллиард долларга Олимпиада комплексин курган. Мындан тышкары 45 миң кишилик стадион салынган. Ар кыл эсептер боюнча иш-чарага 10-15 миллиард доллар сарпталды.

Пикир

Оставить комментарий