• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ашхабадда азык-түлүк кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. Түркмөнстан борборунда азык-түлүк үчүн өкмөт белгилеген нарк өзгөрбөгөнү менен иш жүзүндө баалар кескин кымбаттады.

centralasian кызматы маалымдагандай, эт, балык, сүт азыктары жана мөмө-жемиштердин наркы жогорулады.

Учурда мамлекеттик түзүмдөр бекиткен баага ылайык, балыктын килосу 12 манат турат, бирок өлкө базарында ал 30-65 манатка чейин сатылууда.

Ашхабад бийлигинин көрсөтмөсү боюнча тандыр нандын баасы – 1 манат деп бекитилген. Бирок базарда 500 граммдык жөнөкөй токточтор 3 манат, сүткө жуурулгандары – 5 манат турат.

2018-жылы Түркмөнстанда тоок этинин баасы жогорулап, жумуртка тартыш болгон жана анын сатылышын полиция көзөмөлдөгөн.

Пикир

Оставить комментарий