• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ашхабадда банкоматтан акча алууга жаңы чектөөлөр киргизилди

Дүйнө 0

Бишкек, 09.02.18. /Кабар/. Ашхабадда мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери пластик карталарга которулган айлыктарын алууда жаңы кыйынчылыктарга дуушар болушууда.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымдарында, банкоматтан бир алганда 200 манаттан көп сумма алууга мүмкүн болбой жатат.

«Буга чейин банкоматтан бир күндө 1000 манаттан ашык акча алууга чектөө киргизилген. Эми болсо бир алганда 200 манаттан көп акча берилбей жатат. Мындан улам 1000 манат алгысы келген адам банкоматтын алдында бир эле операцияны кеминде 5 жолу кайталашы керек болуп жатат», — деди ашхабаддык серепчи Аманмырат Бугаев.

Түркмөнстанда акыркы төрт жылдан бери мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары пластик караталарга которулат. Учурда пластик карталарга пенсиялар, жөлөк пулдар, стипендиялар, ошондой эле жыйналган түшүмгө жараша мамлекет тарабынан төлөнчү фермерлердин эмгек акылары дагы которулат.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий