• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ашхабадда бийлик азык-түлүк мол экенин далилдөө аракетинде

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.12.18 /Кабар/. Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалдары жаңы жылды утурлай Ашхабаддагы базарларды видеого тартып, азык-түлүк мол экени тууралуу репортаждарды көрсөтүшүүдө. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, майрам алдында азык-түлүк чындап эле көбөйгөн.

Түркмөнстан президенти азык-түлүк каатчылыгы тууралуу көз карандысыз медиада чыккан маалыматтарды төгүндө үчүн өлкөдө байгерчилик өкүм сүрүп жатканын чагылдырууга буйрук бергени айтылууда.

Акыркы күнү Ашхабадда жаңы жылдык жарманкелер дагы ачылды. Бирок ал жердеги азык-түлүктөр сатылбайт.

Түркмөнстандын азык-түлүк базарларында бир нече жылдардан бери кош нарк өкүм сүрүп келет. Товарлар бийлик бекиткен баадан алда канча жогору турат.

Пикир

Оставить комментарий