• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ашхабадда Эгемендүүлүк майрамына карата даярдык иштери уланууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. Ашхабаддын жергиликтүү “Дагдан” стадионунда Эгемендүүлүк майрамынына даярдануу үчүн күн сайын ондогон кишилер чогулууда.

“Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары” басылмасы билдиргендей, даярдык иштерине ар бир мамлекеттик мекеме 5-10 кызматкерин жөнөтүүдө. Салтанаттын репетициясына студенттер да катышууда.

Түркмөнстанда Эгемендүүлүк майрамы быйыл биринчи жолу 27 сентябрга белгиленди. Буга чейин 27-октябрда өтүп келген. Азем датасынын жылдырылгандыгына байланыштуу даярдык бир ай эрте башталды.

Майрамдык жүрүштөргө жашы 35тен ашпаган мамлекеттик билим берүү мекемелеринин кызматкерлери тартылат. Алар ар шаршемби жана жекшемби күндөрү 45 градус ысыкта “Дагдан” стадионунда үч-төрт сааттан даярдык көрүшүүдө.

Жүрүштүн катышуучуларынын арасында ысыкты көтөрө албаган ден соолугу начар кишилер, кош бойлуу аялдар да бар.

Былтыр Эгемендүүлүк майрамына карата көрүлгөн даярдыктардан улам бир катар мамлекеттик мекемелердин, банктардын иши убактылуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий