• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ашхабадда "Экстремизм жана радикализмге каршы күрөшүү" аттуу эл аралык семинар өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.04.18 /Кабар/. Ашхабад шаарында Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча экстремизмге жана радикализмге каршы туруу боюнча семинары өтөт.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Түркмөнстандын борбор калаасы Ашхабад шаарында Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун “Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча экстремизмге жана радикализмге каршы туруу” аттуу семинары өтөт.
Семинарга Түркмөнстандын министрликтеринин жана мекемелеринин өкүлдөрү, эл аралык эксперттер, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жетекчилери, Америка, Индия, Нидерланды, Норвегия, Кыргызстан жана Тажикстандан тиешелүү өкүлдөр барып катышышат.
Аталган семинардын катышуучулары экстремизм жана радикализмге каршы күрөшүүдө өз ара кызматташууну күчөтүүгө жана ар кандай улуттук көз караштарга байланыштуу маселелерди талкууга алып карап чыгышат.

Пикир

Оставить комментарий