• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ашхабадда КМШ өлкөлөрүндөгү эң бийик балаты орнотулду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабадда орнотулган Жаңы жылдык балаты КМШ мамлекеттеринин борбор шаарларындагы эң бийик балаты деп табылды. Бул тууралуу CA-News жаңылыктар кызматы ТурСтат порталы тарабынан түзүлгөн рейтингге таянып билдирди.

Ага ылайык, Ашхабадда 40, Ереванда 37, Ташкентте 36, Бакуда 34, Минскте 30, Душанбеде 29, Москва менен Бишкекте 27, Нур-Султанда 25 жана Кишиневдо 20 метрлик балатылар орнотулган.

Былтыр Түркмөнстандын борбор шаарындагы 38 метрлик Жаңы жылдык балаты Борбор Азиядагы эң бийик балаты деп табылган.

Пикир

Оставить комментарий