• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ашхабадда коомдук транспорттун саны азайды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Түркмөнстандын борборунда шаардык автобустардын саны азайып, коомдук транспорт кыймылы кыйла жайлап калды. Буга байланыштуу аялдамада автобус күткөндөрдүн саны да көбөйдү.

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, кээ бирде алардын саны 30-40 кишиге чейин жетип калат.

"Эгер мурда 16-каттам менен жүргөн автобустар ар 20 мүнөт сайын жүрүп турган болсо, азыр алардын ортосундагы убакыт 45-50 мүнөткө чейин узарды. Бул кыйла эле сезилээрлик өзгөрүү. Учурда абанын температурасы 40 градустан жогору болуп жатат. Бизге күн тик тийген жерде туруп бир саатка жакын автобус күтүүгө туура келүүдө. Жүргүнчүлөр кийинкисинин көптөн кийин келээрин билип, автобустарга тыгылышат. Такси кымбат болгондуктан көпчүлүк үчүн жеткиликтүү эмес», - деп билдиришти алар.

Шаардык автопарк кызматкерлеринин айтымдарында, автобустардын сейрек каттап калышы транспорт каражаттарынын жетишсиздигине жана аларды оңдоо үчүн зарыл болгон тетиктердин жоктугуна байланыштуу.

Пикир

Оставить комментарий