• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ашхабадда кыймылсыз мүлккө болгон баа кескин төмөндөдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.05.19. /Кабар/. Ашхабадда акыркы жылы кыймылсыз мүлккө болгон 30% чейин түшүп кетти.

centralasian кызматы кабарлагандай, Түркмөнстан борборунда 45 миң доллар турган эки бөлмөлүү батирлер 30-35 миң долларга чейин төмөндөдү.

Жергиликтүү байкоочулардын баамында, бул өлкөдөгү экономикалык каатчылык жана тышкы миграция агымынын көбөйүшү менен байланыштуу.

Бул арада кыймылсыз мүлктөрдү сатуу жоболору татаалдаштырылды. “Сатуу-алуу же алмашууга байланышкан бардык операцияларды Юстиция министрлигинин алдындагы кызматка каттатуу милдеттендирилди. Бул кызматты чет өлкөгө чыгып кеткендер өтө көп болуп жаткандыктан, турак-жайларды сатууну кыйындатуу үчүн ачышты”, – деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы.

Буга чейин Түркмөнстандан Орусияга кетүүнү каалагандар көбөйгөнү кабарланган. Бир нече айдан бери Ашхабаддагы Орусия элчилигинин алдында бул өлкөгө бааруу үчүн документ тапшырган түркмөнстандыктардын узун кезеги пайда болду.

Пикир

Оставить комментарий