• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ашхабадда мугалимдер менен окуучулар көчөлөрдү тазалашууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. 2-февралда Ашхабаддын 50дөн ашык орто мектебинин мугалимдери жана окуучулары күтүүсүздөн ишембиликке чыгышты. Буйрук шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрү тарабынан берилген.

“centralasian" кызматы билдиргендей, ишембилик болорун мектеп директорлору алдын ала билген эмес.

Мугалимдер менен окуучулар протоколдук көчөлөрдүн жээгине түшкөн жалбырактарды чогултуп, жерди жумшартып, шыпырып тазалашкан.

Иш-чара түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов "Ахалтекин жылкы комплексин" кыдырып, велосипед менен сейилге чыгарга бир күн калганда болгон.

Түркмөнстанда бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерди жапырт ишембиликке чыгаруу маал-маалы менен болуп турат. Мындан тышкары жазында жана күзүндө жалпы улуттук масштабдагы ишембилик өтөт.

Пикир

Оставить комментарий