• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ашхабадда нөшөр жаандын кесепеттери жоюлууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.05.18. /Кабар/. Ашхабадда бир нече күн нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепеттери жоюлууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, 17-майда жаан-чачын болгон жок. Учурда суу ташкыны болгон көчөлөр жабылып, баткактан тазаланууда.

Күн мурун нөшөрдүн кесепеттерин жоюу иштерине коммуналдык кызматтардын жумушчуларынан тышкары айрым мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери дагы тартылганы кабарланган.

Бир нече күн тынбай жааган жамгырдан улам Ашхабаддын негизги борбордук көчөлөрүн суу каптап, анда жайгашкан имараттардын жертөлөсүнө суу кирген. Бул көрүнүштөр тартылган видеолор менен сүрөттөр дароо социалдык түйүндөргө жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий