• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ашхабадда спирт ичимдиктерин саткан соода жайлар жабылууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Ашхабадда спирт ичимдигин саткан соода жайлар жапырт түрдө жабылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

«8-июлда «Мир-1» базарындагы алкогол саткан дүкөндөрдүн бардыгы жабык болду. Жекшемби күнү Мир-1,2,3,4 кичи райондорундагы дээрлик бардык коммерциялык күркөлөр иштеген жок, алардын эшиктеринде мөөр басылып турду. Бирок кечинде көбү кайра ачылды», — деп жазды басылма.

Ошол эле маалда Мир кичи районундагы жана дүң базардагы дүкөндөр дүйшөмбү күнү дагы жабык болду.

Айрым жергиликтүү тургундар спирт ичимдигин саткан жайлардын жабылышы — бийликтин мыйзамсыз акча алмаштыруучуларга карата көргөн чаралары менен байланыштуу экенин айтышууда.

«Көпчүлүгү алкогол саткандар акча алмаштыруу менен алектенишет деп айтып жатышат. Бирок чынында андай эмес. Акча алмаштыргандарды баары билет жана алардын ишенимдүү кардарлары бар. Мында спирт ичимдиктерин саткандардын эч кандай тиешеси жок», — деди тургундардын бири.

Ал ортодо 9-июлда АКШ валютасынын көмүскө базардагы баасы төмөндөп, 1 доллар 12 түркмөн манатына сатыла баштады. Бирок өлкөдө доллардын расмий курсу 2005-жылдан бери өзгөрүүсүз болуп келет. Анда өлкөнүн Борбордук банкы бир долларды 3,5 манатка баалаган.

Пикир

Оставить комментарий