• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ашхабадда түркмөн алабайына эстелик орнотулду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Ашхабадда жаңы салынган турак жай комплексинде түркмөн тукумундагы алабай итине эстелик тургузулуп, анын ачылыш аземине президент Гурбангулы Бердымухамедов катышты. Бул тууралуу Түркмөнстандын Мамлекеттик маалымат агенттиги жазды.

Президент эстеликтин долбоорун 2019-жылы ноябрда бекиткен. Монументтин бийиктиги 15 метр: анын тогуз метрин постамент, алты метрин иттин өзү түзөт. Постаменттин тегерегине видеоэкран орнотулуп, алабайдын катышуусундагы роликтер көрсөтүлүп турат.

Түркмөнстандын Мамлекеттик маалымат агенттиги алабайга эстелик коюу демилгеси президентке таандык экенин, мунун менен ал бул жаныбарга болгон сый-урматын көрсөткөнүн жазды.

Бердымухамедов 12-ноябрда ак мрамор менен капталган 12 кабаттуу алты турак жайдан турган комплексти ачты. Маалыматка караганда, бул комплекстен 1008 үй-бүлө батир алды.

Түркмөн алабайы – орто азиялык дөбөттүн түрүнө кирет: ал чабандардын мал-жанын жырткыч жаныбарлардан кайтарган короочу ит катары таанымал. Дөбөттүн бийиктиги 70 сантиметрге, салмагы 80 килограммга чейин жетет. Териси калың, жүнү катуу жана коюу болгондуктан суукка бышык. Бердымухамедов 2019-жылы алабайга арнап китеп жазган.

Пикир

Оставить комментарий