• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ашхабадда тент менен жабылган унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 10.08.17. /Кабар/. Мамлекеттик жол инспекциясынын кызматкерлери борбор калаада тент менен жабылган унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынгандыгын жаңы эрежелер менен түшүндүрүп жатышат.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын Меретдурды аттуу маектешинин билдиришинче, тент менен жабылган унааларды айдоо үчүн өлкөнүн Транспорт министрлигинин уруксаты талап кылынат. Ал бул эреже бузуу үчүн айыппул төлөгөндөн кийин министрликке кайрылып, бирок уруксат ала алган эмес.

«Барсам андай уруксат берилбестигин айтышты. Тааныштар аркылуу сураштырсам бул кызмат үчүн 1500 манат (400 доллардан ашык) берүү керек экен. Бул бир топ чоң сумма болгондуктан уруксатсыз эле иштеп көрөйүн деп дагы айыппул төлөп калдым», — деди Меретдурды.

Алгачкы жолу 100 манат, экинчисинде 200 манат өлчөмүндө айыппул салып, үчүнчү жолу кайталанса айдоочулук күбөлүктү алып коюп, кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүшөт.

"Бир аз убакытка эле унааңды кароосуз калтырсаң автоинспекция кызматкерлери келип, айдоочунун жок экенине карабастан номурлардын бирин чечип кетишет. Эгер акча бербесең аларды кайра кайтарып ала албайсың.", - деп билдирди Ашхабаддын жашоочуларынын бири.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий