• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ашхабадда транспорт кыймылына чектөө киргизилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 24.08.17. /Кабар/. Түркмөнстан бийлиги 1-сентябрдан тарта Ашхабадда транспорт кыймылына кескин чектөөлөрдү киргизүүнү пландап жатат. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын укук коргоо органдарындагы жеке булактары билдиришкендей, мындай чара Азиада-2017 оюндарын өткөрүүгө байланыштуу киргизилүүдө.

Маалыматтарга караганда, чектөөлөр облустук жана шаардык номурларга ээ унааларга тиешелүү болот.

Түркмөн бийлиги бир нече ай мурда эле борборго облустук номурлар тагылган унаалардын киришине чектөө киргизип, шаарда транспорт кыймылы кескин азайган.

Ашхабаддын тургундарынын биринин айтымында, шаарда жеке унааларга чектөө киргизилгенден кийин таксиде жүрүү акысы бир топ кымбаттады.

Азия оюндары Түркмөнстан борборунда 17-27-сентябрь аралыгында өтө

Пикир

Оставить комментарий