• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ашхабадда жолбун иттерди атуу өнөктүгү кайрадан башталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Ашхабадда кайрадан жолбун иттерди кармоо жана атуу иштери уланууда.

“centralasian.org" кызматы кабарлагандай, коммуналдык кызматкерлер жолбун иттерди алгач жыгач жана темир союлдар менен сабап, андан соң кармап кетүүдө.

Түркмөнстанда мамлекеттик майрамдардын же коомдук-саясий маанилүү иш-чаралардын алдында жолбун иттерге аңчылык кылуу өнөктүгү күч алат.

​Кармалган иттердин андан аркы тагдыры белгисиз. Шаар бийлиги бул боюнча комментарий бербейт. Жаныбарлар укугун коргоочулардын айтымында, кармалган ит-мышыктарды өлтүрүп коюшат.

Пикир

Оставить комментарий