• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ашхабадда жугуштуу тамак оорусу күч алууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 26.03.19 /Кабар/. Ашхабадда тургундар жапырт ооруп, бирок ооруканага кайрылгандарга дарыгерлер эч кандай диагноз койбой жатышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.

Дарыгерлердин айтымында, бул ооруга 3-6 күнгө созулган температуранын жогорулашы, тамак оорусу жана таңдайдын ириңдөөсү сыяктуу белгилер мүнөздүү. Мындан тышкары оору жөтөл менен коштолуп, айрым учурларда бөйрөккө өтүп кеткен учурлар дагы кездешүүдө.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги менен Ашхабаддын медициналык мекемелеринен жарандардын жапырт ооруп жаткандыгы тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Басылманын саламаттык сактоо тармагындагы өз булактарынын билдиргенине караганда, акыркы айларда шаардыктардын арасында жугуштуу тамак оорусу (скарлатина) кеңири жайылууда.

«Кичинекей балдар вирустан тышкары скарлатина менен ооруп жатышат. Бирок бизге андай диагноз коюуга тыюу салынган», — деди ал.

Түркмөнстанда оорулар тууралуу расмий статистика жарыяланбайт. Бийлик менен жергиликтүү басылмалар мезгилдик жугуштуу оорулар жөнүндө кабар бербейт.

Пикир

Оставить комментарий