• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ашуулар кардан тазаланууда – Транспорт министрлиги

Аймак 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. «Төө Ашуу, «Өтмөк» жана башка ашууларда жолдор кардан тазаланып, инерттүү материалдар себилүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Ошондой эле министрликтин жолчулары тарабынан Нарын-Баетов автожолунун «Ак-Кыя» ашуусунда жана Нарын-Оруктам автожолунда кар көчкүнүн калдыктары тазаланды.

Ашуулардын барында жол ачык. Тазалоо иштерине атайын техника тартылган.

"2020-жылдын 12-апрелинен 16-апрелине чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-250 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 72-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий