• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ашууларда жааган кардан улам жолдор тазаланды – Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Ашууларда жааган кардан улам жолдор тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6-апрелинде түнү Бишкек–Ош автожолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусунда, Суусамыр–Талас–Тараз Өтмөк ашуусунда кар жаагандыктан жолчулар таңында жолдорду кардан тазалап, инерттүү материалдарды себишти.

Жол автоунаалар үчүн ачык.

Транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу кеткен айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, жанында күрөк, чынжыр алып жүрүү керек экендигин дагы бир ирет эскертет.

Унаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактоо, кар көчкүнүн алдында калуудан сактайт.

Пикир

Оставить комментарий