• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Asia Motors компаниясы Ош облусунун аймагына филиалын ачууга кызыкдар

Аймак 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 18-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов “Халык Банк” ААКсынын төрайымы Алия Чыныбаеваны жана Asia Motors компания жетекчилерин кабыл алды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда экономикалык кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү. Asia Motors компаниясынын өкүлү Ош облусунун аймагына компания филиалын ачууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан сырткары, Asia Motors компаниясы “Халык Банк” ААК аркылуу лизингке жеңил унааларды жана оор техникаларды сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий